| Поздравление ректора КНУ с 8 марта |
| 04.03.2010 14:36 | ||
Ушул ак Жаабарстын жылында 8-март сүйүктүү майрамыбызга бир кылым толуп турган кези. Кыздарыбыздын майрамын көкөлөгөн көңүл кушу, гүлдөрдүн миң түркүн түрлөрү менен бирге ажайып жазгы маанай коштойт. Улуттук университетибизде майрамдык маанай узарып, сиздердин деминиздер менен жылуу мамилебиз артып, урмат сыйыбыз тереңдей берүүсүнө тилектешмин. Кут даарыган окуу жайыбыздын ар бир аудиториясы гүлгө бөлөнүп, күлкү шаңга толуп, ынтымагыбыз артып, илим билим очогубуз гүлдөсүн! Эң алгачкы байчечекей гүлү Сиздерге аруулукту, назиктикти, жазгы күн жылуулукту, марттын жели үмүттү, бакытты, кубанычты жана жакшылыкты тартууласын!!!
8-март майрамыныздар менен чын жүрөктөн куттуктап, ишиниздерде ийгилик, үй-бүлөңүздөрдө бейпилдик каалайм!
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Нур уулу Досбол |
Поздравление ректора КНУ с 8 марта










